Президент сот реформасына катуу киришти


Сот реформасы ишке ашмайынча мамлекет өнүгө албайт. Бул тууралуу президент сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешмеде билдирди.

Жээнбековдун белгилешинче, сот жана укук коргоо органдары кыргызстандыктардын пикири боюнча  эң коррупциялашкан орган болуп эсептелет. Биз мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Эл сот реформасы качан ишке ашат деп күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл деп белгиледи мамлекет башчы.

«Айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт. Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула»,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Быйыл май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коёлган.

Кыргызстанда сот реформасын ишке ашырууну мамлекет жетекчилери 2010-жылдан бери убадалап келет. Ишке ашпай жатканын оппозиция менен жарандык коом өкүлдөрү сынга алып келишүүдө.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо