Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы айтылды - Т-медиа

Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы айтылды

UFC  уюмунун президенти Дана Уайт жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюссон менен мелдешке чыкса туура болоорун билдирди. Бул тууралуу америкалык спорттук канал ESPN жазып чыкты.

Дана Уайт “Сөзсүз, Конор кайрадан реванш каалап жатат. Биз болгону туура жана акыйкат чечим кабыл алышыбыз керек. Мындан ары окуя кандай нукта өнүгөт көрө жатаарбыз.Болгону, Тони жаратынын айынан мелдештен чыгып калган. Ал жеңилген эмес. Ошондуктан мен титулдук мелдеш үчүн Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюссон менен ринге чыкса туура болот деп эсептейм” деди Дана Уайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди мелдешке чакырган. Флойд ага жооп берип бирок бокс эрежеси менен ринге чыгаарын айткан.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо