Акылбек Жамангулов «Мегакомду» жетектейт



Жогорку кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.

Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен бул кызматка Акылбек Жамангулов дайындаган.

Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңеште «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат.

Аукционго бир нече жолу коюлуп, бирок сатылбай келген «Альфа-Телеком» ишканасы мамлекеттин менчигинде калары жакында эле белгилүү болгон.

2012-жылдан бери «Альфа Телекомду» Азат Базаркулов жетектеген



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо