Ош: мектептин жерине курулуп жаткан намазкана курулушу токтоду


Мектептин карамагына курулуп жаткан намазкананын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта мектептин айланасындагы жашоочулар өз алдынча намазкананын курулушун баштаган. Бирок буга мектептин директору нааразылык билдирип, жергиликтүү бийликке кайрылган.

Натыйжада 25-октябрда Ош шаарындагы Ю. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын карамагындагы жер тилкеге курулуп жаткан намазкананын курулушу токтотулду. Мэриянын курулуштар бөлүмү тарабынан курулуштун жабдыктары бузулуп, ээсине кайтарылды.  Жашоочулардын бири 100 чарчы метрди түзгөн намазкана мыйзамсыз курулуп жаткан. Жер тилке бошотулуп, мектептин карамагына кайтарылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо