Бишкекте он кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Видео


Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда он кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Эки бөлүмдөн турган топ бир саат мурун катталган өрттү өчүрүшө элек. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  өрт кырсыгы боюнча билдирүү бүгүн саат 16:22 чамасында түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоо көп кабаттуу үйдүн чатырынан башталган.

«Азыр келтирилген зыян менен өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат. Эки бөлүмдөн турган топ өрттү жаңы эле чектөөгө алышты. Тез арада толугу менен өчүрүп болушат деген ишенимдебиз»,-деди Эльмира Шерипбаева.

Азырынча тилсиз жоодон жалпы канча батир күйгөнү аныктала элек. Окуя күбөлөрү Куйручук көчөсүндөгү 3-үйдүн капталындагы батирлер толугу менен күйүп жатканы боюнча тасманы социалдык тармактарда жарыялашкан.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо