Көк бөрү чемпионаты: биринчи оюндардын жыйынтыгы жана эртең чыкчу командалар



Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун командасы Бишкекти 10:3, Ош облусу Жалал-Абаддык улакчыларды 4:1, Таластын оюнчулары Баткен облусунун командасын 16:1 эсеби менен жеңип алды.

30-октябрда оюн таласына чыкчу командалардын убактысы:

10.00–11.30 — Бишкек менен Ош шаарлары;

11.30–13.00 — Жалал-Абад менен Нарын облустары;

13.00–14.40 — Баткен менен Ысык-Көл облустары.

Оюндар Оштогу «Төлөйкөн» ат майданында өтүп жатат. Финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот. Мында өлкөнүн жети облусу жана эки шаарынан куралган тогуз команда күч сынашууда. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.

Кыргызстандын чемпионаты быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүп жатат. Мындан сырткары, жамбы атуу, кыз куумай, жорго салыш жана ат чабыштын 5 түрү боюнча мелдеш уюштурулат.

 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо