Роналду «Реал» президенти тууралуу пикирин айтты


Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду мадриддик “Реал” командасынан кетүүсүнүн күнөөкөрүн атады. Бул тууралуу France Football басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык атактуу футболчу “Реал” футбол клубунун президенти Флорентино Перестин айынан кеткендигин билдирди.

Криштиану Роналду “Мен клубдун ичинде мага болгон мамиле өзгөргөндүгүн байкагам. Айрыкча президент Флорентино Перес катуу өзгөрүп кеткен. Алгачкы 5-6 жылда өзүмдү кадимки Криштиану Роналду сезгем. Андан кийин баары өзгөрдү. Ал менин калганымды каалады бирок кетсең маселе жаратаарын да белгилеп койгон” деди.

10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик «Ювентус» клубу менен 4 жылга келишимге кол койгон. Атактуу футболчу 110 миллион еврого өткөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келген. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо