Самара Каримова жаңы кызматка дайындалды


Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованы жетекчилик кызматка дайындады. Эми ал Ош шаарындагы Ныязалы атындагы  музыкалык окуу жайын жетектейт. 

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматты «Т-Медиага» ырчы Самара Каримова өзү да тастыктады.

Ырчы Самара Каримова жетекчилик кызматка экинчи ирет дайындалып жатат. Буга чейин Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалып, кызматтан баш тартып койгон.

Самара Каримова 27 жашта. Эмгек сиңирген артист наамынын ээси.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо