Юрий Краковецкий коло медаль тагынды


Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн «Grand Slam Abu Dhabi 2018» эл аралык турниринде коло медаль тагынды.

Турнир 27-29-октябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтүп, анда Краковецкий 100 кгдан жогорку салмак ченинде күч сынашкан.

Ал чейрек финалда орусиялык балбанга утулуп калган. Коло байге үчүн беттешке анын каршылашы, израилдик дзюдочу белгисиз себептер менен килемге чыкпагандыктан Краковецкий жеңүүчү аталган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо