Кыргызстанда 216 тез жардам унаасы жетишпейт


Республика боюнча 216 тез жардам унаасы керек. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берип жатып билдирди.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев тоолуу райондорго тез жардам унаасы абдан керек болуп жатканын билдирди.

-Ат-Башы районундагы ооруканаларга тез жардам унаасы качан берилет деп тургундар сурап жатышат. Тендер өткөрүп, Германиянын эски унаасын 7-8 миң долларга алсак болбойбу? Арзаныраак баада алып, Ат-Башы, Чаткал райондоруна бергиле да. Алар райондун борборунан 300 км алыста турат,- деди ал.

Министрдин орун басары М.Каратаев былтыр ноябрь айында 38 унаа техникалык жардам катары келгенин, бирок анын техникалык абалы биздин шартка туура келбеген үчүн кабыл албган эмеспиз деп жооп берди. Анын айтымында жаңы заманбап тез жардам машиналарын сатып алууга өлкө казынасы тартыш болууда.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо