Роналду инстаграмда эң популярдуу спортчу деп табылды


Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду инстаграмдын эң таанымал адамы аталды. Атактуу футболчунун социалдык желедеги катталгандардын саны 144 миллион 300 миң кишиден ашкан. Роналду учурдагы инстаграмдын атактуусу аталган америкалык ырчы Селен Гоместен ашып кетти. Ал 2016-жылдан бери инстаграмдын жылдызы аталып, азыр 144 миллион катталуучусу бар.

10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик «Ювентус» клубу менен 4 жылга келишимге кол койгон. Атактуу футболчу 110 миллион еврого өткөн. Учурда анын А сериясында 7 голу 5 ийгиликтүү пас узаткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келген. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо