Дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт


1-2-декабрь күндөрү дзюдо боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында дене-тарбия жана спорт агентигинен кабарлашты.

Мелдеш Бишкек шаарындагы Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо борборуна уюштурулат. Анда эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат.

Мелдештеги кыздар 7 салмактык категоряда мелдешет . Эркектердики 60, 66, 73, 81, 90, 100 килограммга чейин жана 100 килограммдан жогорку салмактык чен бирдикте килемге түшүшөт.

Чемпионатка жашы 16дан өйдө, спорт чебери же ага талапкер наамына ээ дзюдочулар катыша алат.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо