Улуттук банктын төрагасынын миллиондору текшерилеби?


Улуттук банктын төрагасына берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын башкы прокуратура текшерип чыгышы керек. Кэчээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай талап коюлду.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун айтып чыкты.

Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген «мыйзам бузуу жок» деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу боюнча чара көрүлсүн, — деди депутат Асылбаева.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганын депутат 31-октябрда айтып чыккан.

Башкы банктын өкүлү бул маселеге байланыштуу ЖКда комментарий  берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын билдирди.

(Т.Абдыгулов, Г.Асылбекова)



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо