Дана Уайт: Хабиб менен Мейвезердин бою болбойт


Хабиб Нурмагомедов менен бокс чебери Флойд Мейвезердин  мелдеши болбойт. Бул тууралуу  (UFC) спорттук уюмунун президенти Дана Уайт билдиргенин америкалык спорттук канал ESPN жарыялады.

Дана Уайт “Хабиб Нурмагомедов менен Флойд Мейвезердин бокс эрежеси боюнча мелдеши болбойт. Эгер Хабиб ошончолук муну кааласа сүйлөшүп беребиз.Бирок бул идея мага такыр жакпай турат.Хабиб титулун сактоону ойлошу керек болчу” деп айткан.

Дана Уайт  Флойдун команандасы менен жолуккандыгын бирок бир чечимге келе албагындыгын билдирген. Эске сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди мелдешке чакырган. Ал эми Мейвезер бокс эрежеси менен рингге чыгаарын айткан болчу.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо