Жээнбеков: Айтматов бардык өлкөлөрдө жашап жатат


Анын чыгармалары дүйнөнүн эң көп тилдеринен, эң көп окулган китептерден Шекспир менен Толстойдон кийин эле үчүнчү орунда турат. Мамлекет башчы бул тууралуу Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ош Чынгыз Айтматов тагдырында” атуу иш чарада билдирди.

Президент Айтматовду тааныган, анын китебин окуган көптөгөн өлкөлөр 90 жылдыгын белгилеп жатканын билдирди.

«-Мына азыр Японияда, Кытай Эл республикасында белгиленгени жатат. Буга бизден делегация кетип жатат. Чыңгыз Айтматов жөнүндө канчалык мазмундуу, канчалык терең ой айтылбасын, дагы да айтылбай калгандай сезилет. Дүйнөсү кол жеткис бойдон калгандай сезилет. Демек Айтматов жөнүндө айта турган сөз алдыда»,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Оштогу улуттук драма театрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий-массалык иш чарага катышты. Андан соң улуттук ат-спорттук оюндарга күбө болот.

Эске салсак, мамлекет башчысы 2-ноябрда эки күндүк иш сапар менен Ош шаарына келген.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо