Кышкысын окуучулардын жол коопсуздугу камсыздалат



Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жол коопсуздугун  алдын алууга арналган кеңешмеде билдирди.

Алтынай Өмүрбекова билим берүү министрлигине мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн  ыктыярдуу кошуундар, валонтерлор тартылат.

Ыктыярдуу топтор соода түйүндөрүнө жакын жайгашкан аймактагы  мектептерде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылы эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтык  түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Октябрдын этегинде билим берүү жана илим минисрлиги  менен  ички иштер министрлиги биргеликте «2018-2019-жылдарга жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча  иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү» өкмөттүн токтому кабыл алынган.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо