Министр Кочкоровдун орун басарлары дайындалды


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул боюнча өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов, Жаңыл Алыбаевалар министрге орун басар болуп дайындалышты.

Алиса Солтобекова буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Камалдин Токтосартов Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин милдетин аткарып турган. (2013-2014 -жылдары)

Жаныл Алыбаева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы болуп турган. (2016-жылы)

Эске салсак, октябрдын башында социалдык өнүктүрүү министри жана анын орун басарлары кызматтан бошотулган эле.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо