Антонина Шевченконун UFC уюмунда алгачкы атаандашы белгилүү болду


Антонина Шевченконун UFC уюму менен келишим түзгөндөн кийинки алгачкы беттеши 30-ноябрда Лас-Вегаста өтөт. Бирок анын каршылашы алмашып кеткенин кыргызстандын Муайтай федерациясынан билдиришти.

Антонина Шевченко UFC уюмунун негизги беттешинде үч жолу жеңип, үч ирет жеңилген африкалык Эшли Эванс-Смит менен беттешмек. Ал жаракат алып калганына байланыштуу атаандашын алмаштырышкан. Эми Шевченко 29 жаштагы түштүк кореялык Джи Йон Ким аттуу спортчу менен октагонго чыгат. Ал ушул уюмда буга чейин үч беттеш өткөрүп, экөөнү жеңип алган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо