Ош: дарак кыйгандар келтирилген зыянды төлөйт


Оштун «Курманжан датка» жана «Ленин» көчөлөрүндө жеке жарандар бак-дарактарды уруксатсыз кыйгандыгы аныкталды. Келтирилген зыян акчалай төлөнүп, ордуна көчөттөр эгилет.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун четиндеги дарактарды жарандар уруксаты жок кыйган. Эми 40 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыянды төлөшөт.

“Он чакты даракты жеке жарандар кесип салган. Анын арасында куураган дарактар да өсүп турганы да болгон. Бул боюнча маалымат интернетке чыккандан кийин эле, экологиялык техникалык инспекция тарабынан текшерүү жүргүздү. Дарактарды кыйган жарандар тиешелүү уруксат бар деп айтышкан. Бирок чынында эле уруксаты жок кыйгандыгы аныкталды. Учурда тиешелүү чаралар көрүлдү. Эми көзөмөл күчөтүлөт”,-деди  Азамат Абсатаров.

Калаада жалпысынан 20дан ашык дарак кыйылган. Бул боюнча маалымат социалдык тармакта талкууга алынган соң экологиялык техникалык инспекция текшерүү жүргүзгөн.

 

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо