Ошто 850 майыптын ата-энеси маяна алат



Ноябрдан баштап тынымсыз кароого муктаж 6 миң баланын ата-энеси айлык ала баштайт. Анын 800дөйү Ош шаарына тиешелүү. 

«Т-Медиага» Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришкендей, алардын каттоосунда өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүгү жок 850 бала бар. Алардын баарынын ата-энесине айлык чегерилиши күтүлүүдө.

Майып балдардын ата-энесине айлык чегерүү долбоору өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Долбоордо маяна 4962 сом өлчөмүндө каралган.

Айлык чегерүү ыктыярдуу патент системасы аркылуу ишке ашат. Салык жана социалдык камсыздандыруу чыгымдары бюджеттен каралат.

Кыргызстанда 30 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар бар. Анын 6 миңдейи өз алдынча жашай албайт.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо