Баткенде жолчулар маяна ала албай убара. Министрликтин жообу


Ош-Баткен -Исфана жолунун 150дөй куруучусу 6 айдан бери айлык маянасын ала албай жатат. Жолчулар президентке кайрылуу жолдоп, көйгөйдү чечип берүүнү суранышты.

Жол куруучулар менен Түркиялык «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы келишим түзгөн. Бирок компания жарым жылдан бери жумушчуларга айлык акысын бере элек.

«Чакыр Япы Санайиве Тижарет» компаниясы техникалары жок эле тендерден уткан. Куруучулар аталган жолдо жеке менчик техникалары менен иштегенин айтууда. Куруучу Мирлан Мамажалилов 6 айдан бери иштеген акысы 150 миң сом болгонун айтат.

«Мен 2017-жылдын январь айынан баштап, августка чейин иштедим. Күнүнө 12 сааттан иштеп жатканбыз экскватордо. Айына 24 күн иш күнү болуп жаткан. Карызга батып бүттүк. Айлыкты беребиз деп убакыт өткөрүп жатат. Дагы деле бере элек»,- деди Мирлан Мамажалилов.

Айлыгы кечиктирилген жолчулар Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырымдарында иштеген. Аталган компания алардын маяналарын 10-25-сентябрда төлөп беребиз деп кепилдик кат жиберген.

Акыркы убадалаган мөөнөттө айлык берилбегенине байланыштуу жолчулар жумуш таштоого аргасыз болушкан. Азыр Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-108-чакырымдарында иш үзгүлтүккө учурап турат.

Жол салган «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми транспорт жана жолдор министрлиги бул маселе боюнча кабары жок экенин билдирди.

Ош-Баткен-Исфана жолун курууга «Ислам өнүктүрүү» банкынан каражат тартылган. Өткөн жылдын май айында транспорт жана жолдор министрлиги  Түркиянын «Алке Иншаат Санайиве Тижарет» компаниясы менен 18 миллион доллардык долбоорго кол койгон.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоорго каралган каржы толук бөлүнгөн. Жолчулардын маянасы эмне себептен үзгүлтүккө учураганы министрликке да караңгы.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, министрлик бул маселе боюнча компания жетекчилигинен түшүндүрмө сураган. Анда компаниянын жетекчиси Рашад Гамбаров төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Компания жумушчулар менен эч кандай келишим түзгөн эмес. Мыйзамдын негизинде иш алып барып жатабыз. Анан айдоочулардын эмгек акысы 150 миң сом өлчөмүндө дегени туура эмес. Мындай маяна директорго да каралбаган. Нааразы болгон жумушчуларга укугун коргоо үчүн сот органдарына кайрылуну сунуштайм«,-деп билдирген Рашад Гамбаров.

Буга чейин жогорку кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев Суусамыр — Талас-Тараз жолун салган “Чакыр Япы”  түрк копаниясы   миллион долларга жакын акчаны сол чөнтөккө солоп койгон деген маалыматты айтып чыккан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо