Калифорния: кайсы белгилүү адамдардын үйлөрү өрттөндү? Фото



АКШнын Калифорния штатындагы 30дан ашык адамдын өмүрүн алган өрт миллиондогон доллар зыян алып келди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда дагы 200дөн ашуун адам изделип жатат.

Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрттө 250 миң адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймака көчтү.  Жабыр таркандардын арасында белгилүү адамдар бар.

Киноактёр Джерард Батлер Малибу шаарындагы өрттөнгөн үйүнүн видеосун Инстаграм баракчасына жүктөп, өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Канадалык ырчы, жазуучу Нил Персиваль Янгдын үйү өрттөнгөнүн билдирип, АКШнын президенти Дональд Трампты сындады. Маалыматтарга караганда анын үйү экинчи жолу өртөнгөн.

Англиялык актер Орландо Блум болсо, Малибу шаарындагы өзү жашаган көчөнүн сүрөтүн инстаграм баракчасына жарыялап, өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Калифорниянын түндүгүндөгү өрттө Парадайс тоолорундагы 6700дөй үйдү жана чакан чарбалыкты каптаган. Шамалдан улам уланып  өрт 450 чакырым, башкача айтканда 40 500 гектар аянтты өрт каптаган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо