Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү өтүүдө



Бүгүн Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникасы көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр жана Кыргызстандагы фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Учурда өкмөт айыл чарба техникаларын өнүктүрүү үчүн 800 млн сомдон ашык акча каражаты “Айыл Банкка” лизинг фондун түзүүгө берилгенин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Мындан сырткары ЕвраАзия өнүктүрүү банкынан 20 млн. доллары инвестициялык насыя тартылып, бүгүнкү күнү 14,6 млн. доллары өздөштүрүлдү. Муну менен бирге жыл башынан бери Өкмөт тарабынан дагы 102,5 млн. сом дыйкандарга кымбат оруп жыюучу техникаларды, кубаттуу тракторлорду лизингге берүү үчүн бөлүндү», – деди Кубатбек Боронов.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, өлкөдө 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча план иштелип чыккан. Өлкөдө 71 МТС бар.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо