Кыргызстандык спортчуларга мамлекеттик наамдар берилди. Тизме



Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Төрөкан Багынбай уулу, Дарья Маслова жана Эламан Догдурбек уулу «эмгек сиңирген спорт чебери» наамына ээ болушту.

Аларга сыйлык тапшыруу салтанаты 13-ноябрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөнүн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Жеңил атлетчи Дарья Маслова быйыл Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утканы үчүн Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом акчалай сыйлык алды.

«Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы» балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровага берилди.

Спортчулар быйыл Азия оюндарында, Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын, күмүш байгелер ээ болушкан.

Мындан тышкары спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн спорттун ар кайсы түрү боюнча спортчулардын машыктыруучуларына да «эмгек сиңирген машыктыруучу» наамы ыйгарылды.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо