Рухани: АКШ туура эмес жолду тандады, жеңилет



Ирандын мамлекет башчысы Хасан Рухани АКШнын Иранга болгон бир тараптуу санкциялары менен жеңиле турганын билдирди. 

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматында, Хасан Рухани Тегаранда министрлердин жыйынына катышып, АКШнын санкцияларын бир тараптуу деп сындап, ага жооп берди.

Ал АКШнын Иранга карата катуу санкциялары ийгиликсиз боло турганын билдирип, туура эмес жолду тандады деп айтты. АКШ коопсуздукту ойлосо, кылган иштери жакшы эмес. Иран калкына урмат көрсөтүүнү каалаган болсо, бул киргизген санциялары туура эмес деп билдирген.

Рухани, АКШ дүйнөгө жана Иран элине уят болду деп билдирген.

АКШ Иранга каршы санкцияларынын биринчи бөлүгүн август айында жарыялаган. Ал санкцияларга ылайык, Тегерандын коммерциялык учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген.   Экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы 5-ноябрдан тартып күчүнө кирген. Бул санкция Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алмакчы.

Эки өлкө 2015-жылы келишим түзүлүп, эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин Ирандын мунай соодасынын күндөлүк көлөмү мурдагы 1,2 миллион баррелден 2,5 миллион баррелге чейин көтөрүлгөн.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо