Абылгазиев: ички дүң продукция 2%га өстү


2018-жылдын аягына чейин ички дүң продукциянын көлөмү 2,8% болору болжолдонууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, товарларды сатып алуу күнүмдүк чыгымдар 4 млрд сомго оптималдаштырылган. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7%га азайтылган. Акчалай чегерилишинде алсак, дефицит 20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин төмөндөгөн.

 «2018-жылдын сентябрь айынан тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыга баштады. Экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДП 2%га өстү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр кошумчалагандай, мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген пландан 1,1 млрд сомго көп болуп саналат.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо