«Центерранын» өкүлдөрү өкмөт менен жолукканы Кыргызстанга келет - Т-медиа

«Центерранын» өкүлдөрү өкмөт менен жолукканы Кыргызстанга келет

Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилери өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 15-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, жолугушууда компаниянын акцияларын кытай инвесторлоруна сатуу тууралуу билдирүүлөрдүн канчалык негиздүү экени белгилүү болот.

Өз кезегинде «Центерра» коомчулук үчүн ачык компания болгондуктан үчүнчү жактардан, анын ичинде кытайлык компаниядан ар кандай мүнөздөгү келишимдерди түзүү жөнүндө түрдүү сунуштарды алышы мүмкүн экенин, бул дүйнөдөгү ачык ишканалардын арасындагы кадимки көрүнүш болуп эсептелерин белгилеген.

Кумтөр кенин Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы иштетет. Акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо