Жээнбеков: кыргыз-өзбек алакасы динамикалуу өнүгүүдө



Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриджон Исмоилов менен жолугушту.

Мамлекет башчы Нуриджон Исмоиловду жылуу тосуп алып, учурда кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыккандыгын белгиледи.

«-Боордош Өзбекстан менен мамилени баалайбыз, кыргыз-өзбек достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Саясий эрк көрсөтүп, кыргыз-өзбек кызматташуусун жемиштүү өнүгүшүндө практикалык кадамдарды жасаган Өзбекстандын президенти Шавкат  Мирзиёевдин аркасы менен мамилелерибиз сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Баардык маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди. Биз муну жогору баалайбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриджон Исмоилов Сооронбай Жээнбековдун ишин баалап, өз өмүрүн элине жана өлкөсүнө арнап жаткандыгын белгиледи.

 «-Кыска убакыттын аралыгында көп иштер жасалды. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге  сиздер эки өлкөнүн элдери жакшы мамиледе, тынчтыкта жана бейпилдикте жашашы үчүн эки тараптуу кызматташуунун жаңы доорун ачтыңыздар», — деди Исмоилов.

Нуриджон Исмоилов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун президент Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдыгына байланыштуу каалоолорун жана жылуу куттуктоолорун жеткирди.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо