Атамбаев: Илмиянов камалбаса жашыруун документ чыкмак эмес


 Экс-президент А.Атамбаев «Апрель» телеканалына азыркы учурдагы саясий кырдаал, бийликтин жасап жаткан иштери жана коррупцияга байланышкан суроолор боюнча маек берди. Ал азыркы Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин жолуна түштү деп айтты. 

Маектин жүрүшүндө «Апрель» каналы бир нече күн мурун Жээнбековдун штабы президенттик шайлоодо жашыруун коротту делген 24 млн доллар тууралуу  А.Атамбаевден сураган. Ал бул иштердин баары мурунку президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду камакка алганда башталган деген оюн айткан.

Эмне үчүн бүгүн бул жашыруун документтин жарыяланышы түшүнүктүү. И.Илмияновду камакка алышты. Бул тууралуу президенттик штабдын бухгалтери билген. Ал акысыз эмгек өргүү алып чет өлкөгө кетип калды. Өзүнүн жеке жашоосунан коркуп жатат. Анткени бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолу менен баратат. Ал документ тууралуу билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат.

Бакиевдер өздөрүн көрсөтүү үчүн кимди болбосун жок кылабыз деп М.Садыркуловду өлтүрүшкөн. Булар да кимди болбосун камайбыз деп күнөөсүз адамдарды камап жатышат. Мисалы, К.Кулматовду, С.Исаковду камашты. Алар керек болсо өлтүрүп коебуз деп жатышат.

Эгер И.Илмияновду камабаса бул документтердин жылчыгы жана «семейканын» чыныгы жүзү ачыкка чыкмак эмес, -дейт А.Атамбаев.

Ошондой эле экс-президент шайлоо убагында коротулган каражаттарды таза деп эсептесе, ачык көрсөтүшү керек деп азыркы бийликке суроо койгон. Телеканал азырынча экс-президенттин маегинен кыска бөлүгүн гана жарыялады.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо