Тойлордо патентсиз кызмат көрсөткөн 109 ишкер аныкталды



Той-маарекелерде кызмат көрсөткөн жүздөн ашык ишкер патентсиз иштеп жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Тойлордо кызмат көрсөткөн 109 ишкердин уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жок болуп чыккан.

Алардын ичинен 44 тамаданын, 36 сүрөт тартуучунун, 6 музыканттын, 13 видеого тартуучунун жана 10 бий группасынын уруксат берүүчү документтери жок кызмат көрсөткөндүгү аныкталган.

Жалпысынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейддик контролдо залды жасалгалоо, фото-видео тартуу кызматтарын жана көңүл ачуучу  кызматтарды көрсөткөн 320 субъекттеи текшерилген. Учурда 769,2 миң сомго 211 патент берилген.Салык мыйзамдарын бузган ишкерлерди аныктоо боюнча ушул өңдүү иш-чаралар улантылмакчы”-деп жазылат билдирүүдө.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо