«Делбирим» фильми Кыргызстанда качан коюлат?



Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасына негизделип тартылган тасманын бет ачары 6-декабрда өтөт.

Фильмди Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги жана Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору биргеликте жаратты. Тасма өзбек жана кыргыз тилинде болот.

Фильмдин башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролун кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы ойноду.

 

Эки тараптуу кызматташтыкты кыргызстандыктар сунуш кылып, “Делбиримди” тартуу демилгесин Өзбекстан тарап көтөргөн. Кыргызстандын актерлоруна эмгек акыны «Дан» продюсердик борбору, өзбек актерлоруна «Узбеккино» төлөгөн.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо