Прокурордун өлүмүнө шектүү СИЗОдо кыйноого алынганбы?


Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган жаранга прокурорлор жана милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп жатат. 

Бул тууралуу 23-октябрда Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов AKИpressке билдирген.

Айтымында анын атына Баткен облусунун 500дөй тургуну кол топтоп билдирүү жиберишкен. Билдирүүдө кылмышка шектелген облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.К кыйноолорго кабылганы айтылган.

«Окуя болгон күндүн эртеси М. Кнын унаасында облпрокурор жана анын эки орун басары болгон. Ал үйүнө келгенден соң анын артынан прокуратураданбыз деп 4 кызматкер келип андан Мамажакыпов кайда экенин сурашкан. Ал билбейм деп жооп берген. Андан соң М.Кны күч менен УВДга алып кетишкен. Ошол жакта аны кыйнап керектүү көрсөтмөлөрдү алышкан жана кыйноо учурун көргөн күбөлөр да бар экени жазылат»,-деди Сулайманов.

Кыйноого каршы күрөшүү борбору Ош шаарынын 5-СИЗОсундагы М.К дан кабар алышкан. Ал ошол жерден прокуратура жана милиция кызматкерлери аны кыйноого алгандыгы тууралуу арызын жазган.
Бирок аны ур-токмокко алгандардын аты-жөнүн билбей турганын айткан.

Учурда аталган борбор Кыргызстандагы СИЗОлордон күн сайын кабар алып турарын билдирип, бул ишти президент өз көзөмөлүнө алуусун өтүнөт.

Эске сала кетсе, 17-ноябрдан 18не караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон. Каза болгон прокурордун өлүмүнө шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо