Ошто «Заманбап» жаштар фестивалы өтүүдө


Ош шаарында өтүп жаткан  «Заманбап» жаштардын маданият фестивалы бүгүн жыйынтыкталат. Финалга 114 катышуучудан 20га жакыны чыкты. 

Финалдык тандоого «Хип-хоп», «Поп», «Заманбап бий» жана «Графитти» боюнча үчтөн катышуучу чыккан. Акыркы баскычта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген катышуучулардан иргелип чыккан мыктылары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Жеңүүчүлөргө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилет. Тагыраак айтканда, өзүнүн автордук чыгармасын студияда акысыз жаздыра алат. Ал эми «Заманбап бий» жана «Графитти» боюнча жеңүүчүлөргө мастер-класстар уюштурулмакчы.

Фестивалда белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрү калыстык кылышат. Алар Бегиш, Баястан, Максат Садырбеков, Нурсултан Азыкбаев, Ага-Ини, Аско жана Каныбек Рысбаевдер.

23-ноябрда башталган «Заманбап» жаштардын маданият фестивалы Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Иш чараны «Saferworldдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү  жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо