Ош, Жалал-Абадда жерлерди трансформациялоо маселеси каралат - Т-медиа

Ош, Жалал-Абадда жерлерди трансформациялоо маселеси каралат

Ош жана Жалал-Абад облустарында кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды көчүрүү максатында жер тилкелерин трансформациялоо маселеси каралып чыгат. 

Бул туурасында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош, Жалал-Абал облустарын кыдырып жүргөн учурунда билдирди.

«Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды убагында көчүргөнгө жер тилкелерди бөлүп беребиз. Ал үчүн жерлерди трансформациялоо маселесин өз убагында жана мыйзам чегинде гана чечүү зарыл»,-деди Кубатбек Боронов.

Вице-премьер-министр жашоого коркунуч жараткан бир катар айыл округдарына барды. Кубатбек Боронов бүгүндөн Ош жана Жалал-Абад облустарында жумушчу сапар менен жүрөт.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо