Орусиядагы мушташка кыргыздардын тиешеси жок


Орусияда казак жарандары катышкан массалык мушташка кыргыздар аралашкан эмес. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

Казакстандын ички иштер министрлиги кабарлагандай, Амурдагы газ заводдун курулушундагы мушташка Казакстан менен Тажикстандын жарандары катышкан. Жаңжалга катышкандардын тек-жайы аныкталган.

Мушташа кеткендердин баары заводдогу жумушчулар экени айтылат. Учурда окуянын чоо-жайын жергиликтүү күч органдары иликтеп жатат.

Баштапкы маалыматтарга караганда, талашка өз ара келишпестик себеп болгон. Мушташкандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Мурдараак орус басылмалары Амур аймагындагы газ иштеткен заводдо кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканын жазган болчу.  Tass.ru басылмасы Амур заводунун жетекчилигине шилтеме берип, массалык мушташтын күнөөкөрлөрү Орусиядан депортацияланарын жазып чыккан.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо