Икрамов: Казакстандын жараны мамлекеттик кызматка дайындалган



Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары Казакстандын жараны экендигин айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп Казакстандын жарандыгын алып жүргөн Алымжан Хасанов дайындалган.

“Кыргыз темир жолу” – чоң стратегиялык мааниге ээ ишкана болгондуктан ал жерде башка өлкөнүн жаранын иштөөсү туура эмес. Аны ким, кандай жол менен кызматка дайындаганын Транспорт жана жолдор министрлиги иликтеп, жооп бериши керек” –дейт депутат Икрамов.

Белгилей кетсек, КРнын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө » мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматка Кыргыз Республикасынын жарандары гана дайындалуусу мүмкүн.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо