Карамушкина Атамбаевге каршыларды партиядан четтөөгө чакырды


Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнүү каалабагандар КСДП партиясынан чыгып кеткени туура. Мындай чакырыкты депутаты Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө ал КСДПнын мүчөлөрүнө кайрылып, партия лиреди Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандарды мүчөлүктөн чыгуу боюнча арыз жазууга чакырды.

«Ким Атамбаев менен иштешкиси келбесе, арыз жазып партиядан чыгып кеткиле. Өзүңөрдүн партияңарды түзгүлө, элге таанылып калган партиянын брендин жана логотибин колдонбогула.Муну менен силер партияны гана эмес, шайлоодо колдогон элди сатып жатасыңар»,-деди Карамушкина.

28-ноябрда Ирина Карамушкина Бишкектин Свердлов районунда өткөрүлүп жаткан “Атамбаевсиз КСДП” жыйынына барып, конференцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Эл өкүлү жыйынды мыйзамсыз деп, өткөрүп жаткандардан партиялык билеттерин көрсөтүүнү талап кылган болчу.

Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас облустарында жыйындар уюштурулган. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын былтыр партиянын катарынан чыгарылган  Сагынбек Абдрахманов жетектеп жүрөт.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо