Жалал-Абад мэри: туризмди өнүктүрүүнүн реалдуу кадамдары башталат


Эми Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүнүн практикалык реалдуу
кадамдары башталат. Шаар мэри Мураталы Тагаев “Туризмди өнүктүрүүнүн
концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө” буйрукка кол
койду. 

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, буйрук аркылуу концепцияны иштеп чыгуу боюнча 15 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Аны шаардын биринчи
вице-мэри жетектеп, ар кайсы тармактарда иштеген жетекчилер жана адистер
мүчө болушкан.

Алдыда шаардын өзгөчөлүктөрүн жана экономикалык өнүгүү
перспективасын эске алуу менен узак мөөнөттүү өнүгүү концепцияны иштеп чыгуу
зарылдыгы турат. Бул шаар тарыхында ушул тармакты өнүктүрүү багытындагы биринчи документ болмокчу.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө
дарылык минерал суулары менен атагы чыккан “Жалал-Абад”
санаторийи жайгашкан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо