Каржы министрлигине ким татыктуу? Сурамжылоо


Каржы министри Адылбек Касымалиев отставкага кетти. Азыр бош калган орунга болжолдуу талапкерлердин ысымы атала баштады. 

Айрым булактардын маалыматы боюнча, министрлик кызматка президенттин кеңешчиси Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралууда. Жээнбаева экономика илимдеринин кандидаты, учурунда «Кыргызстан коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинин төрайымы, Улуттук банктын жетекчиси кызматтарын аркалаган. Ошондой эле «Айыл банктын» башкаруучулугунун төрайымы болгон.

Талапкерлердин арасында каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун да ысымы аталып жатат. Азимов бул кызматта 2014-жылдан бери иштеп келүүдө. Муну менен катар Финансы министрлигинин атынан ЕврАзЭСтин Антикризистик Фондунун Эксперттик Кеңешинин мүчөсү.

Бош турган орунга Темир Сариевдин барышы жөнүндө да сөздөр айтылып жатат. Сариев экономика министрлигинен тарта премьер-министрлик кызматына чейин аркалаган. Былтыр президенттик шайлоого  катышып, 3 пайызга жакын добуш менен 4-орунду алган.

Болжолдуу тизмеде Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун да ысымы бар. Ал экономика жана каржы министрлигин 2006-2007-жылдары жетектеп жүргөн. 2012-жылы кайрадан каржы министри болуп дайындалган.

Аты аталып жаткан талапкерлерди «Т-Медиа Group» добушка коёт. Сурамжылоого катышып, добуш берсеңиз болот.

 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо