Жээнбеков Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат



Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, президент бүгүн 6-декабрда Санкт-Петербург шаарында жыйынга катышып, Москва шаарына барат.

7-декабрда мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо