ВИЧ инфекциясын жугузуп алганыма шүгүр кылам
Менин каарманым Канышай тирүүлүк үчүн тирешкен адам экени айгине болуп турат. Анткени ал ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адамдардын катарына кирет. Апасы болсо Канышайдын кепинин даярдап жакындары аны жерге берүүгө камынган күндөр да болгон. Бирок бул Канышай үчүн оор деле эмес болчу. Ал үчүн эң кыйыны он айлык наристесин жоготуу болду.


Менин каршымда кара тору келген арык, бетинин сол жак тарабы бир аз кыйшайып турган аял отурду. Ал турмуштун оор сыноосун баштан өткөргөнүн бетине түшкөн бырыштардан байкап турдум. Өзү тыкан кийинген эле, биздин студиядагы алып баруучунун ордуна койкоюп отуруп алды. Башкаларга сыр бергиси келбейт, бирок ичинде опол тоодой арман жатканы байкалып турат. Сыртынан карап мен ага 50 жаш бердим.










Мен Бул көздөрдө катылып жаткан арманды бул дүйнөнүн тозогуна теңедим
Мен 18 жашымда турмушка чыкканмын, бир жылдан кийин кызым төрөлдү. Ал дени сак эч кандай оорусу жок болчу. Биз жаш үй-бүлө болгондуктан Кыргызстанда иш жок деп жолдошум Орусияга иштегени кетти. Мен кайненемдер менен бирге жашап калдым. Үч жылдан соң үй-бүлөмдү көрүп келейин деп жолдошум келип кетти, ал кеткен соң боюмда болуп калганын билдим. Кызыма шерик төрөйт экенмин деп кубандым. Тогуз ай бат эле өттү, анткени баламды жеңил көтөрдүм. Эч кандай кыйынчылык деле болгон жок. Бирок балам аябай алсыз төрөлдү. Ал кадимкидей эле чоңоюп жатты, салмакты деле жакшы кошуп жаткан. Бирок түндөсү эле бат-бат баламдын дене табы көтөрүлчү болду. Кийинчерээк ал тырышып катуу кыйналып баштады. Анда балама бир ай болгон эле. Эмне кылышымды билбей аны көтөрүп ооруканадан ооруканага чуркап жүрдүм. Дарыгерлер балама так диагноз кое албай коюшту.


Ошол эле учурда өзүм да ооруп калдым. Көкүрөгүм шишип кетип, операция болдум. Көрсө мастит болуп калган экенмин. Ошентип мен түрдүү оорулар менен күрөшө баштадым. Баламдын да балы оорлошо баштады. Мен өлбөсөм керек, балам али жаш деп болгон күчүмдү топтоп анын жанына бардым. Дарыгерлер ага "Сепсис" деген диагноз коюшуптур. Анын дарылары аябай кымбат болот экен. Эптеп акча таап алып жаттык. Бирок баламда такыр өзгөрүү болгон жок. Акыры чыдабай калдым. Себеби акча утуру кете берип чарчадым. Бир туугандарың да бербей калат экен. Дарыгерлерден мага Республикалык ооруканага жолдомо жазып берүүсүн сурандым. Таксиге отуруп оорукчан баламды кучактап Бишкекти көздөп жөнөдүм. Апам чыдабай биз менен бирге барууну чечти. Жетээрибиз менен баламды реанимацияга алып коюшту.


Бул окуялардан соң Канышай көпкө чейин өзүнө келе албай жүргөн. Ал психикалык жактан жабыркап, өзү менен өзү сүйлөшө баштаган.

Туугандарынын айтымында, Канышай колуна тийген буюмду бала кылып карап, аны эмизип ойноп калган. Кызыбызды психикалык жаткан жабыркагандардын ооруканасына калтырып коет деп ата-энеси коркуп дарыгерлерге да кайрылган эмес. Болгону молдого окутуп үйдө аны менен сүйлөшүп өзүнө келтирүүгө аракет кылышкан. Канышай акырындык менен өзүнө келе баштайт.

.
Убакыттын өтүшү менен Канышай өзүнө келе баштайт.

Туугандары аны эки жакты көрүп баштан өткөн оор күндөрүн унутсун деп 2006-жылы Москвага жиберишет.





Орусияга барган мигранттар иштөөгө уруксат алуу үчүн бланктын үлгүсү
Мен Орусияда ишке орношуу үчүн документ (разрешение на работу) алышым керек эле.

Ошондо жалпы анализ тапшырып ишке орношуу үчүн текшерилдим. ВИЧ экенимди ошондо билдим. Мектепте окуп жүргөндө ВИЧ, СПИД өлүм менен аяктайт деп айтты эле менин ичер суум бүткөн тура дедим. Ушинтип өлүп калат экенмин деп унчукпай балконго бардым да тогузунчу кабаттан туруп өзүмдү таштайм, өлөм дедим. Ошол учурда кошунабыздын үч жашар баласы апасын издеп балконго чыгыптыр. "Апа"- деди эле, кызым апа дегендей болуп кетти да чоң кызым эсиме келип кетти. Мен өлсөм кызым эмне болот деп өзүмдү токтотуп калдым. Ошол бала мага мүмкүнчүлүк берип өзүмдү таштабай калдым.
Ошондо Канышай жолдошуна чалып ВИЧ инфекциясын жугузуп алганын айтат. Күйөөсү текшерилгенде ал да ВИЧ болуп чыгат. Анан алар эмне кылышты билбей Кыргызстанга жөнөйт.


Кыргызстанда канча эркек жана канча аял ВИЧ илдетин алып жүрөт?
http://www.stat.kg
Учуп келгенде тааныштардын баары бизди башкача карап, мамилелери одоно болду. Анткени жакындарым биз оорулуу экенибизди билишчү.
Дарыгерлер болсо АРТга улаш керек деди. Анда мен АРТ эмне экенин билбейт элем. Ошондуктан ага көп көңүл бөлө албай койдум.

Ошондо бир дарыгер менин жүрөгүмдү аябай ооруткан "Сен азыр 23 жашта экенсиң дагы жети жыл жашайсың, намаз оку" деди. Аны укканда мен өксүп ыйладым башка аргам жок эле. Анткени кызым эми үч жашта болсо анын чоңойгонун көрбөй эле өлүп каламбы дедим. Кыргызстанга батпай калдым, баары мени оорулусуң деп карагансыйт. Акыры кызымды апама таштап жолдошум менен Орусияга кеттим. СПИД борбордо иштеген дарыгер каршы болду ага карабай качып кеттим.




Арт-терапиянын жардамы менен адистер бейтаптын психологиялык абалын жакшыртып, организмин чыңдоону көздөшөт.
Ошентип Канышай Москвага барып сатуучу болуп ишке кирет. Бир жыл жети ай иштегенден кийин катуу орууп жатып калат.


Бет нерви сезгенгенде бет булчуңдары

шалга айланат.
Бир күнү эле жанымдагы кошунам "Канышай сенин бетин кыйшайып калыптыр го" дейт. Койчу деп күзгүнү алып карасам чындап эле кыйшыйып калыптыр. Дароо дарыгерге чалып айттым. Ал мага тезинен ооруканага кайрыл деп, бирок ВИЧ экениңди айтпа деди. Тез жардам келип мени ооруканага алып кетти. Дарыгерлер үйүңдөн бирөө келип тил кат жазып берсин сенин жүлүнүңдөн суу алабыз дешти. Күйөм иште болуп келе албашын айтты. Эжемди чакырсам ал жазып бербейм сен өлүп калсаң мен жооп берип калам деп баш тартты. А менин башым ушунчалык катту ооруп жаткан. Анан дарыгерлерге өзүм ыраазымын деп кол коюп бердим. Эки жарым ай ичинде жүлүнүмдөн жети жолу суу алышты.



Жүлүндөн суу алуу процесси

Акыры акчам калбай баштады, ошондо бир хаказ кыз мага жардам берди. "Мен сени акча албай турган ооруканага котором ошол жерде акысыз дарыланасың" деди. Эки жарым ай мен "Водконцкий" деген акысыз бейтапканада жаттым. Ошонда жаныма бир абышка келип:
Абышка:
Мени менен сүйлөшүүнү каалайсыңбы?
Канышай:
Каалайм.
Абышка:
Мага канча жаш бересиң?
Канышай:
Билбейм, алтымыш жашка чыккандай көрүнөсүз.
Абышка: Жок мен сексенге чыктым. Менин АРТымды беш жылга токтотуп коюшту. Демек мен беш жылдан соң сексен бешке чыгам. Эгер андан кийин да дарыларды убагында ичип жүрсөм токсон, жүз жашка чейин жашай алам деди.
Ошондо мен Кыргызстанга барып дарыланууну чечтим. Көрсө ВИЧ менен кадимки адамдардай эле жашоого болот турбайбы, ал үчүн болгону туура дарылануу керектигин түшүнүп жеттим.
Канышай Кыргызстанга келсен соң АРТы таблеткаларын кабыл ала баштайт. Ал баштапкы оюнан кайтып жашоо үчүн күрөшөт. Дарыгерлер берген таблеткаларды убакты сааты менен ичип жүрөт. Акыры бир айдан соң баспай жатып калат.


Мен баса албай жатып калсам да АРТы таблеткаларын иче бердим. Себеби мен жашашым керек. Кызым үчүн жашашым керек дедим. Мен кантип аны жалгыз таштап кетем. Ким ага менчелик камкордук кыла алат дедим. Ата-энем акыры мени ооруканага алып барат. Дарыгерлер мени кезекке коюп коюшат. Анткени менин ВИЧ экенимди билгенден кийин алгылары келбей ошентип кезекке коюп коюптур. Кезеги жеткиче өлөт деп.
Мени ооруп калганымдын себеби кийин билинди көрсө АРТы баштаганда мага туура эмес дарылоо ыкмасы жазылып калган экен. Ошого анемия болуп калган экенмин. Канымдын гемоглабини 19 болуп калыптыр. Баары таң калышты бул кантип 19 гемоглабин менен жашап жүрөт деп. Ошол жыл өттү менин каным эми 38 ге көтөрүлгөндө мени ооруканадан чыгарышты.
Бир күнү мен өзүмдү жаман сезип, көңүлүм тегеренип башкача болдум. Өзүмчө эле дарыканага барып тест алып текшерсем боюмда болуп калыптыр. Кубанычым койнума батпай кымыңдап сүйүнүп, боюмда бар экенин эч кимге айтпай жүрө бердим. Өзүнчө сүйүнүп, кызыма шерик төрөйт экенмин да дедим.


Күндөн-күнгө курсагым чоңоюп баштады. Апам байкап калганбы бир күн атам жокто үйдөгүлөрдү чогултуп өзүнчө жыйын кылды. Анда туугандарым мени жаман көрүп өлө албай жатып кайдагы бала деп уруша башташты. Анан кадимкидей менин тагдырымы добушка коюшту. Баары бир добуш менен менин төрөшүмө каршы болду.
Сен өлүп калсаң биз көтөрө албайбыз. Мага ким 28деги кызын бермек эле деп апам ыйлайт. Ошентип ал мени үч жолу абортко алып барды. Мен үчөөндө тең качып кеттим. Анан бир күн апам келип, кызым мени мынча какшатасың мен сени деп кан ыйлап калышты каалабайм деди. Мен болсо, апа сен ыйлаба мен өлбөйм, балам да өлбөйт кудай буюрса көрөсүң баары жакшы болот дедим. Апам дагы ыйлады. Анткени мага ишенген жок. Ошентип жүрүп төрөдүм. Атам болсо бул өзү оорулуу болсо бир майыпты төрөдү да деп 40 күн жаныма жолобой баламды да көрбөй койгон.
Бир күн мен жумуштарым менен Кара-Сууга кеттим, апам да иштери чыгып баламды атама алып чыгып бериптир. Атам көрүп таң калып бир жакшынакай бала тура мен неге чанып, көрбөдүм өзүмдүн неберемди деп ыйлаптыр.







Канышай ВИЧ инфекциясын алып жүргөндүктөн уулун кесарева жолу менен төрөгөн.


ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандар туура дарыланса дени сак бала төрөй алат.
Азыр болсо менде баары жакшы чоң кызым 16 жашка чыкты. Кичүү уулум 3 жашта. Баламды ВИЧ болгонума карабай төрөдүм. Анткени туура дарыланган үчүн вирус балама жуккан жок. Ал дени сак төрөлдү. Кадимки адамдардай эле жашайм. Болгону дарыларымды убагында ичип турам. Мен сыяктуу ооруп калгандарга жардам берип, ар кандай семинар, тренингдерге катышып жүрөм.
Өкүнгөнүм бир эле нерсе мен жолдошумду жоготуп алдым. Ал өлгөн жок тирүү. Жашап атат. Бирок мен үчүн ал адам жокко эсе. Жек көрүп калдым. Көрсө бул оору мага жолдошумдан жуккан экен. Акыры ал мага бүт чындыкты айтты. Орусияда иштеп жүргөндө балдар менен чогулуп орус кыздарды чакырганбыз дейт. Башкача айтканда сойкуларды. Ошолордон жугузуптур. 2005-жылы Кыргызстанга келип кеткенде мага жугузган экен. Мен болсо өз статусумду билбей ооруп жүрө бериптирмин. Анализ тапшыруу оюма деле келбептир. Ушунун айынан наристемди жоготтум. Аруу, таза эч күнөөсү жок наристем 10 ай бул дүйнөнүн тозогун көрүп өтүп кетти. Ушунун баары туура эмес жолго түшкөн жолдошумдун айынан болуп жатпайбы. Мен эгер эртерээк ВИЧ экенимди билсем мынчалык ооруларга дуушар болбойт элем, азап тартып кыйналбайт белем. Эртерээк даарыланып баштамакмын.
Бирок жети айдан бери ВИЧ менен ооруганыма кудайга шүгүр эле деп калдым. Себеби мен Улуттук онкология борборуна барганда бизден да жаман оорулууларды көрдүм. Жапжаш кыздар, балдар көз алдымда өлүп жатышты. Ага салыштырмалуу биз туура дарылансак токсон керек болсо жүз жашка чейин жашай алабыз да. Демек ВИЧ менен жашаса болот.
Канышай азыр 35 жашта. Күйөөсү менен ажырашканына төрт жыл болгон.
Ишенич-бул күзгү сымал. Эгер күзгүң сынып калса жамасаң болот. Бирок өмүр боюу жаракасын көрүп өтөсүң.
Даярдагандар:
Алмира Абидинова
Бактыгул Мирадилова
Оператор: Айкөл Олжобай уулу