“Азаттыктын” тажик кызматынын веб-сайты бөгөттөлүп калды


Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Тажикстанда интернет-сайттардын, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматы менен “Азия-Плюс” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсызданууда.

БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата даярдалган билдирүүдө “Ар бир киши өз көз карашын коомдук аянтча же интернет аркылуу билдирүүгө укуктуу. Биз Тажикстан өкмөтүн эл аралык милдеттемелерин аткарып, басма сөз эркиндигин камсыздоого чакырабыз” деп айтылат.

Документте узак мөөнөтүү гүлдөп өнүгүү, коопсуздук жана туруктуулук – өкмөттөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоону талап кылары белгиленген.

“Азаттыктын” тажик кызматынын веб-сайты 30-ноябрдан бери, “Азия-Плюс” агенттигинин сайты декабрдын бери бөгөттөлгөн. Айрым колдонуучулар сайтка кирүү үчүн анонимайзерлерди жана VPN-сервистерди колдонууда. Расмий бийлик өкүлдөрү бөгөттөөнүн себептерин түшүндүргөн жок.

Буга чейин аталган эки сайт Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке берилер алдында да ачылбай калган.

Булак: Орто Азия маалымат борбору



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо