«Тез Жет» авиакомпаниясы жабылуу коркунучунда турат - Т-медиа

«Тез Жет» авиакомпаниясы жабылуу коркунучунда турат

Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясынын жабылуу коркунучу бар. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеӊештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абал жана авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланып жатканда билдирди.

Министр белгилегендей, «Тез Жет» авиакомпаниясын жабылышы боюнча маселе көтөрүлгөн. Азырынча конкреттүү чечиле элек.

«Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз», — деди Жамшитбек Калилов.

Буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын Кытайга сатуу демилгеленген. Транспорт министри Жамшитбек Калилов кытайлык компаниялар «Эйр Кыргызстанга» кызыгып жатканын ырастап, бирок «сата алабыз» деп айтуу кыйын экенин билдирген эле.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо