Айтматовдун мугалими карылар үйүндө жашайт


Бишкек шаарындагы карылар үйүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду окуткан мугалим Анна Крамарева жашайт. Учурда ал 99 жашта. 

Крамарева бүгүн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өзү жашаган карылар үйүндөгүлөр менен биргеликте маданий иш-чара өткөрүп белгилешти.

Саамалыкка эмгек жана социалдык өнүгүү министри  Улукбек Кочкоров катышып, жазуучунун мугалимине ден-соолук каалап, гүл тапшырды.

Учурда аталган карылар үйүндө 194 улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо