Иштетүүгө бериле элек мектептин полдору чирип, тешиле баштады. Видео



Социалдык тармактарда жаңы салынган мектептеги абал боюнча видео тарады. Тасмадан  пайдаланууга бериле элек имараттын полдору тешиле баштаганын көрүүгө болот. 

Автор Facebook баракчасында билдиришинче, ал мектеп Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылында салынган. Имарат 6 жылдан бери курулуп, али пайдаланууга бериле элек.

Окуучулар кирбей жатып полдору чирип тешиле баштаган имарат Сматов атындагы орто мектебине таандык.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн «Т-Медиага» билдиришкендей, видеодо тартылгандардын баары чындык. Бул иш боюнча акт түзүлүп, курулуш компаниясы полдорду кайрадан жаңыламак болуп турат.

«Сматов атындагы мектептин жаңы имараты толук бүткөрүлө элек. Спорт залынын курулушу бүткөндөн кийин пайдаланууга берилмек. Азыр окуу корпусу бүткөрүлүп, 3-4 классынын полдору чирип кетиптир. Тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен текшерип чыктык. Вентиляция жоктугунан чирип кетти деген корутунду чыгардык»,-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүн Ысаков.

Сматов атындагы мектептин жаңы имараты 220 орунга ылайыкташтырылып салынып жатат. Кийинки жылы пайдаланууга берүү пландалган.

 

 

 

 

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо