Мугалимдердин эмгек акысы жакшырат



Мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган система киргизилет.

Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу өткөн кеңешмеде милдеттендирди.

«Мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу  принциптерин ишке ашырган системаны  киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнөт жана ал үчүн материалдык сыйлыкка татыйт»,-деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин,  анын  негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле каржы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүү, стимулдаштыруучу эмгек акы фондусун көбөйтүү жана зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүндүгүн карап чыгуу милдеттендирди.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо