Жээнбеков: Чыңгыз Айтматов академиясы түзүлөт



Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү демигесин колдойт. Муну ал Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада белгилеп өттү. 

Мамлекет башчы өз сөзүндө белгилегендей, бүткүл дүйнөгө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган академияны түзүү учурдун талабы.

Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгын сыйлагандар келишти.

  

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында төрөлгөн. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү катары белгиленет.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө белгилүү.

 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо