310 млн. Улуттук банктын жаңы имараты парламентте сынга кабылды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында улуттук банктын жаңы имараты боюнча маселе козголду. 

Депутат Улукбек Ормонов улуттук банктын жаңы имаратына сарпталган акчанын суммасын жана курулуштун он жылдан ашык создукканын сынга алды.

«2005-жылдан бери Улуттук банктын жаӊы имаратынын курулушуна баш-аягы 310 млн сом жумшалыптыр, ушунча жылдан бери ошончо каражат жумшалган эмне деген имарат? Дагы канча акча жумшалат жана качан бүткөрүлөөрүн эч ким билбейт?Улуттук банк өзүнчө эле мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып калды, каалаганын каалагандай жасап жатат. Бул маселени адегенде тармактык комитетте карап, анан парламенттин кароосуна алып чыгуу керек», — деди Улукбек Ормонов.

Улуттук банктын жаңы имараты Бишкек шаарындагы Акиев жана Киев көчөлөрүнөн кесилишинде салынып жатат. 2006-жылы башталган курулуш канчага созулары азырынча анык эмес.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо