Президент Калиловду катуу тилдеди. Видео


Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду Коопсуздук кеңешинин жыйынында катуу жемеледи. 

Мамлекет башчы министрдин ишиндеги кемчиликке карабай Коопсуздук жыйынына келип алганын сынга алды жана өкмөт башчыга Калиловду жумушунан убактылуу четтетип турууну тапшырды.

Эске салсак, 6-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын  маалыматына ылайык, шектүү  бул кызмат үчүн жалпы 520 миң доллар талап кылып, алгач 120 миң долларды жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн ортомчу аркылуу алган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо