Жээнбеков түрк президенти Эрдоганга көңүл айтты



Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

«Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көп сандагы жарандарынын курман болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Айта кетсек, Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынан тогуз киши каза таап, 48 адам жабыркаган. Поездин ичинде жалпы 206 жүргүнчү болгон.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо